Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

Айыл турмушу: Таластык А.Асанбекова кагаздан 5 метрге чейинки гүлдөрдү жасап сатат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 25 жаштагы тургуну Айжамал Асанбекова тойлор, салтанаттар үчүн кагаздан гүлдөрдүн түрүн жасап сатат. Аймактык аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Чүй облусунун Шамшы айылынын кызы. 2015-жылы Таласка келин болуп келген.

- Кагаздан гүлдөрдү кантип жасап сата баштадыңыз?

- Эң алгач өзүмө брошка жасагам. Курбум «үлпөт той үчүн гүлдесте жаса» деп сунуштап, аларды жасап үлпөт салондорго өткөрө баштадым. Эң алгач тасмалар менен жасачумун. Андан соң кагазга өттүм. Чоң гүлдөрдү жасоого керектелүүчү материалдар бизде жок болгондуктан Россиядан буйрутма берип алдырттым. Алгач өзүм боёп алам деген ой менен ак түстөгү кагаздарга буйрутма бергем. Көрсө аларды боёгонго мүмкүн эмес экен. Андан соң ар кандай өңдөгүлөрдү алдырттым. Мага эч ким жардам берген жок. Өзүмдүн аракетим менен ишке ашырдым.

- Гүлдөрдү кимдер алып кетишет?

- Гүлдү көбүнчө жигиттер апаларына, эже-карындаштарына, жактырган кыздарына белекке алышат. Үйгө да алгандар бар. Бишкек шаарынан да буйрутмалар көп түшөт. Кафелерге дагы алышат. Гүлдөрдү ижарага дагы берем.

- Алар канчада сомдон сатылат?

- Баалар гүлдүн чоңдугуна жараша болот. Эң кичинекей 50 см гүлдөр 1300 сом турат. 160 см гүл 2500 сом турат. Торшер 3000 сом, 1 метрлик роза гүл 2500 сом болот. 3-4-5 метрлик гүлдөрдү да жасатышат.

- Гүлдөрдү кайсы жакта жасайсыз?

- Азырынча үйдө элемин. Балам менен үйдө болгондуктан буйрутмаларды үйдөн алып, жасагандан кийин салып жиберем. Инстаграмда баракчам бар. Ошол жерден көрүп, буйрутма кылып турушат. Атайын мекеме ачып, иштетейин деген оюм бар. Бишкекте да ачууга аракет кылабыз.

Чебер-ишкер айым жолдошу экөө 1 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×