Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Талас

Айыл турмушу: И.Изакеев АКШ, Германиядан алган жабдыктары менен килемдерди жууп ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 27 жаштагы тургуну Иляс Изакеев Европадан алып келген жабдыктары менен килем, палас жууп ишкерлик кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул иш менен алектенгенине 5 жылдын жүзү болду.

«Бул ишти чет мамлекетке барганымда көрүп, Таласта ачууну ойлодум. 5 жыл мурун жабдыктарды алып келип, иштей бштадым. Килем тазалаганда 3 технологияны колдоном. Биринчи Америкадан алынып келинген жабдык менен чаңды сордурам. Экинчи — Германиядан алынып келинген жабдык килемди жышып жууйт. Үчүнчү — Түркиядан алынып келинген жабдык
кирлерди соруп, кургатуу кызматын аткарат. Килемдин 1 кв метри 50 сомдон, жумшак эмеректер 300 сомдон жогору тазаланат. Бул кызматтардын баардыгын кардарлардын чакырган жерине барып, ордунан жылдырбастан аткарабыз. Жакында жумшак эмеректерди жана унаалардын салондорун дагы тазалап баштадык. Унаалардын салону 1200 сомдон өйдө тазаланат. Буйруса Бишкек шаарында филиал ачып, кызмат кылабыз деп пландап жатам», - деди ал.

Ишкер жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1194
×