Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 05.02.2018 12:30

Жаш талант: Таластык А.Бактыбеков комуз чертүү, шахмат, күрөш боюнча ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 17 жаштагы тургуну Адилет Бактыбеков комуз чертип, шахмат, эркин күрөш менен машыгып, ийгиликтерге жетише баштады. Аймактык кабарчы жаш таланттан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 7-классынан баштап комуз ийриминде сабак алган.

«2015-жылы «Ысык-Көл досторун чакырат» аттуу фестивалга «Айкөл» комузчулар тобу жана «Даткайым» бийчилер тобу менен барып, 3-орунга ээ болгонбуз. Таласта майрамдарда аянтта, музыкалык мектепте комуз чертип ийгилик жаратып жүрдүк. 2016-жылы Ысык-Көлгө «Чыгыштын балдары достошот» деген эл аралык фестивалга барып катышып келдик.

Шахмат жана күрөш боюнча дагы Талас шаарындагы бир нече турнирлерге катышып, 2-3-орундарды ээлегем», - деди ал.

Комузчу жигит үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×