Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

Айыл турмушу: Германиялык М.Бекерт Таластагы мектепте немис тилчи мугалим болуп иштеп жатат (фото)

Turmush -  Германиялык 29 жаштагы Макс Бекерт Талас шаарына келип, мугалим болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2017-жылдын октябрь айынан бери Талас шаарындагы №3 гимназияда немис тилден сабак берет. Бул мектепке Германиядагы эл аралык билим берүү кызматташтыгы уюмунун жолдомосу менен келип, окуучуларды Б-1 жана С-1 эл аралык сынакка даярдоого көмөк көрсөтүүдө. Буга чейин ал Казакстандын Кустанай шаарындагы Гете институтунда тил боюнча ассистент болуп эмгектенгендиктен Кыргызстан жөнүндө маалыматы бар болчу. Ошондуктан бул жакка келгенде кыйынчылыктар болгон эмес.

«Мени мектептеги кесиптештерим, окуучулар абдан жылуу маанайда кабыл алышты. Окуучулардын тил үйрөнүүгө умтулгандыгы, аракетчилдиги мени абдан кубандырды. Таласта кыргыз үй-бүлөдө жашап жатам. Үй ээлери абдан жакшы адамдар болгондуктан алар менен бат эле тил табышып кеттим. Кыргыздар абдан жөнөкөй жана меймандос эл болушат экен. Үй-бүлөм менен кошо дайыма конокторго, тойлорго чогуу барып, кыргыздын улуттук тамак-аштарынын баарын даамдап көрдүм. Өзүм суусундуктардан чай ичкенди жакшы көрөм. Бактыма жараша кыргыздар да чай демдеп ичкенге абдан маани беришет экен.

Ал эми бул жактын жаратылышы, абасынын тазалыгы өзүнчө керемет. Өзүм саякаттаганды жакшы көргөндүктөн дүйнө жүзүн кыдырып чыксам дейм. Көпчүлүк учурда менден «кыргыз кызына үйлөнөт белең?» деп тамашалап, кээде чындап эле сурап калышат. Аны келечек көрсөтөт. Азырынча үй-бүлө куруу планымда жок. Бирок кудай буйруп койсо кайда бармак элем (күлүп)», - деди ал.

Немис мугалим буга катар эле кыргыз тилин үйрөнүп жаткандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 577
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×