Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Талас

Айыл турмушу: Таластык А.Абылгазиева комузчу окуучулары менен сынактарда ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 40 жаштагы тургуну Асел Абылгазиева 20 жылдан бери окуучуларга комуз черткенди үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы комузчу мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Көл шаарында чоңоюп, Таласка келин болуп келген. Комуз чертүүнү атасынан үйрөнгөн.

«Комузчулук өнөрүм менен көптөгөн ийгиликтерди жаратып жатам. 2016-жылы Ш.Шеркуловдун элесине арналган облустук сынакта 2-орунга ээ болдум. Маданият министрлиги уюштурган комузчулардын республикалык сынагында 2-орунду ээлеп, 35 миң сом байге менен сыйлангам.

1998-жылдан бери А.Огомбаев атындагы музыкалык мектепте комуз ийриминен мугалим болуп иштеп жатам. Азыркы учурда 17 окуучум бар. Алардын арасында корей, орус улутундагы балдар да бар. 20 жыл ичинде көп ансамблди жетектедим. 1999-жылы республикалык «Жаш таланттар» сынагында «Бермет» ансамбли 1-орунду алышкан. 2016-жылы Көчмөндөр оюндарына комузчуларымды жетектеп бардым. 2017-жылы республикалык «Жаш кыял» сынагына ансамбль менен барып, 1-орунду, кийин Ысык-Көлдө өткөн «Достук шаңы» республикалык сынагына «Атай» ансамбли менен барып, жыйынтыгында 1-орунду ээлеп келдик», - деди ал.

Мугалим буга катар эле кесибиндеги кызыктуу окуяны айтып берди.

«2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бардык. Менин жетекчилигим менен 100 комузчу барды. Алардын арасында мугалимдер жана улуу муундагы адамдар да бар эле. Учакка түшүп, асманга көтөрүлө баштаганда эле агайлардын бири кыйкыра баштады. Эмне болгонун сурасак "жүрөгүм ооруп жатат" деди. Көрсө жүрөгү оорубай эле учактан коркуп кыйкырып жатыптыр. Мындай окуялар көп болот», - деди ал.

Комузчу мугалим 1 кыз, 1 уулдун апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1801
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×