Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

Талас облусунда райондор арасында көк бөрү боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Талас облусунун 4 районунун көк бөрүчүлөрүнүн арасында мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, Манас, Талас, Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунун көк бөрүчүлөрүнүн биринчилиги Талас облустук көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулуп, ага облустун жетекчилиги жана акимдери тарабынан 30 миң сом акчалай байге коюлду. Оюнга 4 райондон экиден команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында жаштар арасында 1-орунду Талас районунун командасы, 2-орунду Кара-Буура районунун командасы, 3-орунду Бакай-Ата районунун командасы ээледи.

Ал эми, чоңдор арасында 1-орунду Талас району, 2-орунду Кара-Буура районун командасы, 3-орунду Бакай-Ата районунун командасы ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 494
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×