Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Талас

Таластагы базарда өрт чыкса суу чачкан унаа кире албай убара тартат

Turmush -  Талас шаарынын борбордук базарында өрт кырсыктарынан сактануу максатында машыгуу өттү. Бул тууралуу Талас шаары жана Талас району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Аманбай Курманбаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин катталган өрт кырсыктарында өрт өчүрүүчү унаалар базарга кире албай, бир топ убара тартышкан. Бул жолку машыгуу учурунда да өрт өчүрүүчү унаа базарга кире албай, көп убакыт коротту. Анткени базардын ичиндеги жол кеминде 6 метр болушу керек. Бирок алардын көбү жайма базарга айланып, 3 метрди гана түзүп калган.

«Эгерде өрт чыгып кете турган болсо өрт өчүрүүчү унаа эрте келгени менен өрт чыккан жерге жете албай, бир топ убакытты коротобуз. Андыктан тез арада базар жетекчилиги бул маселени чечиши керек», - деди Курманбаев.

Машыгуу рейдди Мамэкотехинспекциянын Талас аймактык башкармалыгы жана шаардык-райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1115
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×