Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Талас

Жаш талант: Таластык 17 жаштагы Айзат бий топ менен салтанаттарда бийлеп келет (видео)

Turmush -  Талас шаарынын 17 жаштагы тургуну Айзат Ашымбекова 3 жылдан бери «Ак тилек» бий тобунда бийлеп келет. Аймактык кабарчы бийчи кыздан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 1-классынан бери бийге кызыгат. Учурда 10-класстын окуучусу.

«1-классымда эле музыкалык мектептин бий бөлүмүнө киргем. Бирок кийин себептерге байланыштуу ал жактан чыгып кетип, 2014-жылы кайра бийдин заманбап бөлүмүнө киргем. Ошол жактан кыздар жана Ынтымак байке менен тааныштым. 2016-жылы 4 кыз биригип, бий топ болуп чыга баштадык. Ата-энем колдоп турат, эч кандай карышылыктары жок.

Тойлордо бир бийлегенибиз үчүн ар бирибиз орточо эсеп менен 500 сомдон алабыз. Ал той ээсинен көз каранды, буйрутмасына жараша ар кандай баада сунушташат. Бийибиз «Жарыктык бийи» деп аталат. Аны Ынтымак байке ойлоп тапкан. Баардык иштин кыйынчылыгы болот дегендей эле башында тойлорго чыгып жүргөндө бир аз кыйналып жүрдүк. Кыймылдарды алмаштырып алып, көп жерден жаңылдык. Бирок баарыбыз биригип, баарын оңдоп кеткенге аракет кылдык. Биздин ар бир тойго чыкканыбыз биз үчүн тажрыйба болот. Биздин бий башка бийлерге салыштырмалуу өзгөчөрөөк. Себеби караңгыда жарыктар менен бийлейбиз, жүзүбүз элге көрүнбөйт. Биринчи жолу бийлегенде бири-бирибиз менен сүзүшүп алган учурлар болгон. Бирок эл ал учурду байкаган эмес», - деди ал.

Бийчи кыз үй-бүлөдө 2 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2046
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×