Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

Бала тили — бал: Чоңойсом Ясини алам, - 5 жаштагы Ырыскелди (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман - жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнөт? Ата-энелер жашоо тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүнө көп маани бербей калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Талас шаарында жашаган 5 жаштагы Ырыскелди Анарбеков.

- Ырыскеди сени үйдөгүлөр эмне деп айтат?

- Рома деп.

- Чоңойгондо ким болгуң келет?

- Чоңойгондо полиция болгум келет

- Полициялар эмне жумуш аткарат?

- Жаныбарды, акчаларды, тыйындарды алып кеткенде ошолорду кармайт.

- Атаң ким болуп иштейт?

- Мугалим болуп

- Сенин мугалим болгуң келбейби?

- Ооба

- Эмнеге?

- Ошого, жакпайт.

- Апаңчы ал ким болуп иштейт?

- Ал да мугалим болуп иштейт.

- Сүйүү деген эмне?

- Жүрөк.

- Бала бакчада сага кайсы кыз жагат?

- Яси.

- Эмнеси жагат сага?

- Баары, баары жагат. Аны менен ойнойм да оюнчуктар менен.

- Ясини чоңойгондо аласыңбы?

- Ооба.

- Үйдө болгондо эмне кыласың?

- Ойнойм. Машинени «ың, ың» деп айдап. Моминтип оюнчуктар менен там куруп ойнойм.

- Кайсы ырчы жагат?

- Нурлан Насиптин «Бүгүн, бүгүн» деген ыры жагат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 448
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×