Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 01.02.2018 17:47

Таласта мал уурдап сатууга шектелген 3 жигит кармалды

Turmush -  Таласта мал уурулук боюнча бир нече кылмыштарга шектелген 19 жаштагы 3 жигит кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-январь күнү Талас шаардык милиция бөлүмүнө тургундардан шаардын аймагында мал уурулук болуп жаткандыгы тууралуу арыздар түшкөн. Окуя болгон жерлерге тергөө тобу чыгып, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Талас шаарынын 19 жаштагы 3 тургуну кармалды. Алар уурдалган уйларды сатып, акчасын өз керектөөлөрүнө колдонуп жүргөн.

Аталган фактылар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси менен (мал уурулук) кылмыш иштер козголуп, кармалган жигиттер убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалгандар былтыркы жылы жасалган уруулук боюнча 4 кылмышка да шектелип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×