Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Талас

Айыл турмушу: Таластык Рахат айым кагаздан гүлдөрдү жасап сатып ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 23 жаштагы тургуну Алтынбек кызы Рахат гофро кагаздардан жана кагаз майлыктан (салфетка) гүл жасап сатат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Каракол шаарында чоңойгон. Таласка келин болуп келген.

«Гүлдөрдү жасап баштаганыма 1 ай болду. Тааныштарыма эң биринчи жасаган гүлдөрүмдү көрсөтүп, сатып баштадым. Мурда өзүм үчүн эле жасачумун. Интернеттен көрүп кызыгып, жасап калдым. Гүлдестелер 400 сомдон 500 сомго чейин болот. Бир гүлдестеге 37 же 45 гүл салынат. Гүлдүн орточо саны 15 даана болот. Гүлдөрдөн тышкары туулган күндөр үчүн сандарды жасайм. Алар ижарага 500 сомдон берилет. Ага 200дөн ашык гүл пайдаланылат. Сатып алышса 1500 сомго сатылат. Жолдошум колдоп, жардам берип турат», - деди ал.

Чебер айым жолдошу Болот Бектурганов экөө 2 уул, 1 кызды тарбиялашууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2100
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×