Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

Таласта көмүр бекитилген баада сатылууда

Turmush -  Талас облусунда көмүр бекитилген баада сатылып жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин Талас облустук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, көмүрдүн баасы төмөндөгүдөй бекитилген (1 тонна көмүрдүн баасы):

Кара-Буура районунда

- Кара-Кече көмүрү — 5500 сом;

- Кара-Жыра көмүрү — 4900 сом.

Манас районунда

- Кара-Кече көмүрү — 5700 сом;

- Кара-Жыра көмүрү — 4800 сом.

Бакай-Ата районунда

- Кара-Кече көмүрү — 5300 сом;

- Кара-Жыра көмүрү — 5100 сом.

Талас районунда

- Кара-Кече көмүрү — 4700 сом;

- Кара-Жыра көмүрү — 5600 сом;

- Шабыркүл көмүрү — 6700 сом.

Талас шаарында

- Кара-Кече көмүрү — 5000 сом;

- Кара-Жыра көмүрү — 5300 сом;

- Шабыркүл көмүрү — 6400 сом.

Ал эми, сатуучулардын айтымында, суук күндөрү көмүр кадимки эле темпте сатылып жатты.

«Бизде көмүргө атайын баа бекитилген. Суук күндөрү деле кадимки темпте алуучулар болду. Айырма болгон жок. Элдин көбү эле кышка даярдыкты башынан көрүп коюшат. Азыр кап менен алгандар болот», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 454
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×