Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 30.01.2018 17:27

Таласта барар жери жоктор үчүн баш калкалоочу жай ачылды

Turmush -  Таласта аба ырайынын суук болуп жаткандыгына байланыштуу баш калкалоо жайы ачылган. Бул тууралуу «Кайрым» кризистик борборунун жетекчиси Роза Бектурова билдирди.

Анын айтымында, бул жерге туруктуу жашаган жери жок адамдар алынып келет.

«Аталган жай 26-январдан 31-январга чейин убактылуу ачылды. Азыр 4 адам жатат. Алар бара турган жери жок жана алыскы райондордон келген адамдар экен. Ички иштер бөлүмүнөн 10 адам тоңду деп түшүп, алар жылынган соң кайра өз туугандарына кетишти. Баш калкалап жаткандарга бул жерде тамак берилбейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×