Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 26.01.2018 17:52

Таласта Меккеге ажылык сапарга баруучуларды каттоо башталды

Turmush -  Таласта Меккеге ажылык сапарга баруучуларды каттоо башталды. Бул тууралуу Талас облусунун казысынын орун басары Медер ажы Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл ажылык сапарга баруу үчүн Сауд Арабиядан Кыргызстанга 5400 орун берилди. Анын ичинен Талас облусуна 186 орун бөлүнүп, 23-январдан тартып ажылык сапарга баруучуларды каттоо башталды. Каттоо иши Талас облусунун казыятында жүрүп жатат.

«Өткөн жылы да Таласка 186 орун берилип, 40 киши барып келишкен. Жалпы өлкө боюнча берилген орундуктардын саны быйыл 650 орунга көп. Андыктан барам деген адамдар 23-февралга чейин каттоодон өтсө болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×