Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

«Талас» жылуулук ишканасынын абоненттеринин карызы 10 млн сомго жетти

Turmush -  «Талас» жылуулук ишканасынын абоненттеринин карызы 10 млн сомго жетти. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Мирлан Мамадалиев билдирди.

Анын айтымында, Талас шаарында көп кабаттуу 52 үй бар. Алардын 44ү «Талас» жылуулук ишканасы аркылуу жылытылат. Калганын жылуулук системасына кошуу аракеттери жүрүп жатат. Бирок акыркы жылдары көп кабаттуу үйлөрдө жашап жаткан абоненттер жылуулук үчүн өз убагында акы төлөбөй, карыздын көлөмү 10 млн сомго жетти.

Ишкана көп кабаттуу үйлөрдү көмүр жана мазут менен жылытып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 649
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×