Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

Таласта невропотолог дарыгер Т.Көчөрбаев 63 жашында көз жумду

Turmush -  24-январга караган түнү Талас облусунун Ч.Мамбетов атындагы ооруканасынын неврология бөлүмүнүн башчысы Токтосун Көчөрбаев оруудан улам 63 жашында көз жумду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

1

Кесиптештеринин айтымында, Токтосун Артыкбаевич 1955-жылы 25-июлда Манас районунун Чоң-Капка айылында төрөлгөн. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин аяктаган. Институтту аяктагандан кийин республикалык клиникалык ооруканада 1 жылдык интернатураны неврология багытында бүткөн. Өзүнүн дарыгерлик ишин 1980-жылы Талас шаардык эмканасында, дарыгер-невропатолог болуп баштап, 1986-жылга чейин эмгектенген. 1986-жылдын июль айынан баштап ушул кезге чейин Талас облустук ооруканасында неврология бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Токтосун Артыкбаевич иштин көзүн билгендиги, мыкты иштеше алгандыгы менен алдыга суурулуп чыгып, өкмөт, министрлик тарабынан бир топ сыйлыктар менен сыйланган. 1998-жылы «Саламаттыкты сактоонун ардагери» жана 2017-жылы «Эл сүйгөн жетекчи» сыйлыгын алган. Талас облустук ооруканасынын эмгек жамааты дарыгер аксакалдын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтат.

Токтосун Артыкбаевич 3 баланын атасы болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3055
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×