Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

Таласта каналдарды тазалоо иштери жүрүп жатат

Turmush -  Талас бассейндик суу чарба башкармалыгы жазга карата сугат каналдарды тазалап жатат. Бул тууралуу башкармалыктын жетекчиси Болот Батыркулов билдирди.

Анын айтымында, 9-январдан тартып шаардын четинен агып өткөн «Жаңы-Арык» каналынын 4 км 400 метр аралыгы тазаланууда. Былтыр каналдын батыш тарабынан 3 км аралык тазаланган.

«Бул канал аркылуу 2 район, 4 айыл өкмөттүн жана шаарга тиешелүү айдоо аянттары, чарбактары сугарылат. Жалпы 6 миң гектарды сугат суу менен камсыз кылат. «Жаңы-Арык» каналын жылына механикалык тазалоодон өткөрүп туруу керек. Бул үчүн тиешелүү техникалар тартылып, бири канал жээгин тегиздеп жол салып кетсе, экинчиси каналга толуп калган баткактарды чыгарууда. Башка каналдарга караганда мында таштанды дагы көп. Анткени шаар ичин аралап агып өткөндүктөн желим идиштерге толуп калат», - деди ал.

Ички каналдарды механикалык тазалоо иштери башка каналдарда дагы жүргүзүлөт. Быйылкы жылы облус чегиндеги 17 км ашык канал тазаланып, жазгы сугат өнөктүгүнө даярдалат. Эгер аба ырайы жылуу болуп турса, иштер 1-февралга чейин бүтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 604
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×