Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 25.01.2018 10:16

Айыл турмушу: Таластык Асел айым үйүнөн торт жасап сатып ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 26 жаштагы тургуну Шаршенбек кызы Асел өз алдынча торт жасаганды үйрөнүп, буйрутмаларды кабыл алып, ишкерлик кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча экономист. Азыркы учурда декреттик эс алууда.

«Тортту мен студент кезимде эле жазап баштагам. Алгач интернеттен, китептерден жасалышын окуп алып, кичинеден жасай баштагам. Оңойдон баштап, татаалга өтүп үйрөнгөм. Жасаган тортторумду инстаграмдагы жеке баракчама жүктөй баштадым. Бир аз күндөн кийин буйрутмалар келип, күнүнө 3-4 торт жасай баштадым.

Жаңы жыл жана башка майрамдардын алдында адаттагыдан көбүрөөк буйрутма алам. Бирок азыр өзүм кош бойлуу болгондуктан күнүнө 2ден ашык буйрутма албайм. Булардын баалары торттун түрүнө жараша болот. Бал менен жасалган торттор 250 сомдон баштап, түрүнө, жасалышына жараша кымбатыраак болот. Бир торт орточо убакыт менен 2 саатта даяр болот. Буйруса келечекте аман-эсен көз жарсам Таласта чакан кондитердик цех ачам деген оюм бар», - деди ал.

Асел айым жолдошу экөө 1 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×