Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 25.01.2018 09:48

Айыл турмушу: Таластык А.Жекшенбеков — А.Атамбаевден 50 миң сом стипендия алган студенттердин бири (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 21 жаштагы тургуну Арслан Жекшенбеков өткөн жылы мурдагы президент А.Атамбаевдин колунан 50 миң сом стипендия алып, «Жылдын мыкты студенттери» китебине кирди. Аймактык кабарчы студенттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, азыр Талас мамлекеттик университетинде билим алууда. А.Атамбаевден тышкары ишкер Аскар Салымбековдун колунан стипендия алган.

«Стипендияны берүү үчүн университеттин жылдын мыктыларын аныктаган мактоо баракчаларын жана башка дипломдорду карашты. Андан тышкары окууда болгон ийгиликтерди да байкашты. Балы жогоркуларды Бишкекке көрсөтүштү. Бишкектен бизге жылдын мыкты студенттери жазылган китепти беришти. Арасында мен да бармын. Атамбаевдин колунан стипендия алууга 186 студент документ тапшырган экен. Анын ичинен 70 студент өттү. Мындай ийгиликке жетишкениме агай-эжелеримдин салымы өтө чоң. Келечекте өзүм дагы татыктуу мугалим болуп эмгектенсем дейм», - деди ал.

Студент азыркы учурда мектептердин биринде практикада жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×