Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Талас облусу, Талас 24.01.2018 15:38

Таластагы базардын соодагерлери Маммүлктүн аракетине нааразычылык билдирип чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 24-январь күнү Талас шаарынын борбордук базарындагы жеке менчик соода түйүндөрүнүн ээлери нааразычылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Соодагерлердин айтымында, алардын базардагы орундарын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берүү боюнча сот процессинин жүрүп жатышы нааразы кылып жатат.

«Биз ар бирибиз бул ордундарды жеке менчикке сатып алганбыз. Бул орундарды 20 жыл мурун менчиктештирип, жеке менчикке берген экен. Ошол 20 жыл мурун мэриядан бизге токтом чыгарып таркатылган. Ар бирибизде кызыл китептер бар. 20 жылдан кийин эми минтип Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлү Нурбек Султаналиев мэриянын токтомун жокко чыгарып, сотко берип жатат. Ар бирибизди келип коркуткан учурлар да болду», - дешти алар.

Топтолгон соодагерлерди өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев кабыл алып, алардын пикирин угуп, Маммүлктү башкаруу фонду менен сүйлөшүүлөр жүрө тургандыгын билдирди.

Ал эми, фонддун өкүлү Нурбек Султаналиев маселени сот чече тургандыгын айтты.

«Башында бул базар 3,5 гектар жерде «Колхоз» базары болуп ачылган. 1997-жылы бөлүштүрүү актысынан соң Талас соода базар комплексинин ишканасына берилип, мамлекеттик ишканага өткөн. Ошол учурда мэрия укугу жок эле токтом менен жерлерди элге таратып койгон. Ал учурда бул базардын жерин муниципалдык менчикке өткөргөн токтом болгон эмес. Ал жылдан бүгүнкү күнгө чейин 23 млн сом зыян келтирилген. Анын 10 млн сому базарга тиешелүү. Биз жарандык токтомду билгенден кийин 3 айдын ичинде реакция жасап баштадык. 2015-жылда териштирүү башталып, сот процесси жүрүп жатат. Биз Талас соода ишканасы катталып, ушунча банкрот болгонун билген эмеспиз. Билип реакция кылбасак биз тараптан туура эмес болот. Жарандардын мүлкүн тартып алабыз деген ой болгон жок. Сот чечет», - деди Султаналиев.

Мэриянын маалыматына караганда, базарда 100дөн ашык контейнер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×