Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Талас

Жеңеке: Элизат жеңенин жолдошу кошунасыныкына келгенде көрүп жактырып калган (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы 28 жаштагы Жусупбекова Элизат жеңени жолдошу анын кошунасыныкына барганда көрүп, жактырып калып баш кошушкан.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Нурлан Рысалиев менен чогуу түтүн булантканына 10 жылдын жүзү болду. Учурда Капар Медетбеков атындагы драма театрында иштейт.

«Жолдошум Нурлан биздин кошунабыздыкына келип, мени көрүп жактырып калган экен. 2008-жылы 28-ноябрында баш коштук. Жолдошумдун, кайын энемдин мага кылган сыйына ыраазымын. Азыр бактылуу жубай, бактылуу энемин. Жаңы келин болуп келгенде кайын энем мени кызындай жакшы кабыл алды.

Бир ирет жолдошум досу менен үйгө келди. Досу мени карап, «келин жүгүнбөйт го» десе жолдошум «бул кайын агаң болот» деп тамашалап, мени жүгүндүргөнү эсимден кетпейт», - деди ал.

Элизат жеңе 2 кыз, 1 уулдун энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1347
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×