Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

Айыл турмушу: Таластык Кубаныч 30 миң сомдук сүрөттөрдү тартат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 25 жаштагы тургуну Токторалы уулу Кубаныч 30 миң сомдук сүрөттөрдү тартат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясын бүтүргөн.

«Биздин үйдөн атам сүрөтчү. Сүрөт тартканды атамдан үйрөнгөм. Үйдөгүлөрдүн айтуусу боюнча 3 жашымдан тарта сүрөт тарта баштаптырмын. Ыйлаган учурда алаксытууга калем менен баракты алдыма коюп коюшса сүрөт тартып отура берчү экенмин. Кесибим боюнча айкелчимин. Сүрөт тартуу боюнча атайлап билим алган эмесмин. Көбүнчө портреттерди, жаратылыштын сүрөттөрүн тартам. Сүрөт тартуу майда жумуш болгондуктан акырындык менен тартылат.

Сүрөттү кызыгуу келгенде гана тарта салам. Эмгегим көлөмүнө жана тартылган ишиме карата бааланат. Мисалы 70-40 см көлөмүндөгү сүрөт 5 миң сомдон өйдө бааланат. Ал эми, 2-1 метр сүрөт болсо 30 миң сомго сатылат. Атайын сүрөт тартып, сатыкка алып чыкпайм. Буйрутма берген сүрөттөрдү гана тартам», - деди ал.

Сүрөтчү үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1799
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×