Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

Айыл турмушу: Таластык Г.Иманкулова үлпөт тойлордо тойканаларды 15 миң сомго чейин кооздойт (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 55 жаштагы тургуну Гүлнара Иманкулова тойлордо ресторандарды жасалгалоо менен алектенет. Аймактык кабарчы ишкер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул иш менен алектенгенине 5 жыл болду. Жасалгалоолордун баасы 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин болот. Ишкерлигинен тышкары кесиптик лицейде информатика сабагынан мугалим болуп иштейт.

«Мен бул ишти 3 жыл оюмда багып жүрдүм. Канткенде бул нерсени жасап, ишке ашырам деп көпкө ойлондум.

Бир күнү курбу кызымдын баласы үйлөнмөкчү болуп, менин атымдан болсун деп үйүн жасалгалап бердим. Ал менин алгачкы жасалгалоом болду. Андан кийин буйрутмалар түшө баштады. Алгачкы жылдарда Америкада иштеп келген кыз турмушка чыгып, үйлөнүү тоюна даярданып жүргөн экен. Мага чалып, жолугушуумду өтүндү. Той өтүүчү ресторандан жолугуп, Европа стилиндеги жасалгалоону сунуштады. Экөөбүздүн оюбуз бир чыгып, анын оюндагысындай кылып жасалгалап бердим. Абдан ыраазычылыгын билдирген.

Башында бир аздан материал алып, жөнөкөй стилде жасап жүрдүм. Ар кимдин сунушу, ою менен жумушумду аткарам. Кылган эмгегим тойкананын жасалышына жараша 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин бааланат. Алардын оюндагыдай кылып жасап жатсам ошол жерден мага өзгөчөлөнгөн фантазиялар келип калган учурлар болот. Бул — менин хоббим», - деди ал.

Ишкер айым 2 уул, 1 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1383
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×