Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Талас облусу, Талас 17.09.2017 14:16

Таласта Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана 7 облустан чогулган өспүрүм боксчулар күч сынашууда (фото)

Turmush -  Таласта Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, эмгектин ардагери Молдалы Мураталиевдин жаркын элесине арналган жаштар арасындагы 6-эл аралык бокс турнири улантылып жатат. Кечээ, 16-сентябрда башталган турнирге Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын 7 облусунан чогулган мушкерлер катышып жатышат.

Уюштуруучулардын бири Молдалы Мураталиевдин небереси Чыңгыз Мураталиевдин айтымында, мелдештер эртең, 18-сентябрга чейин созулат. Бул жылы 6-жолу өтүп жаткан турнирди келечекте чоң масштабда уюштуруп, катышуучулардын санын көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатат.

Турнирдин салтанаттуу ачылышына тиешелүү мамлекеттик кызматтардагы жана жергиликтүү жетекчилер, кадырлуу коноктор катышып, куттуктоо сөзүн айтып өтүштү.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×