Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусу, Талас 31.05.2017 11:55

Таластык милиционерлер күрөш боюнча турнирде 1-орунду ээлешти

Turmush -  24-25-майда Бишкекте генерал-майор Т.Субановдун урматына араналган кыргыз күрөш боюнча чемпионатка Талас облусунан 7 балбан катышып, командалык мелдеште 1-орунга ээ болушту. Бул тууралуу Талас ОИИБдин башчысы И.Касымбаев билдирди.

Анын айтымында, ИИМ тарабынан уюштурулган мелдешке республика боюнча 12 команда ат салышты. Мелдеш 7 салмактык категория боюнча өттү.

«Талас ички иштер башкармалыгынын атынан 7 кызматкер катышып келишти. Мелдеш биз үчүн өтө жемиштүү болду. 7 балбаныбыздын арасынан алтоо байгелүү орунга ээ болушса, республикалык командалардын арасынан 1-орунга ээ болдук. Алардын ичинен милициянын майору А.Ботбаев, милициянын ага лейтенанты У.Манапбаев, М.Сыдыгалиев алтын медалдарды ээлешти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×