Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Талас облусу, Талас 17.04.2017 16:57

Таласта 60 жаштан жогоркулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Талас шаарында 60 жаштан жогоркулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Облустук волейбол федерациясынын президенти Асимкан Ашыралиевдин айтымында, таластык бильярдчы Дастан Лепшаковдун дүйнөлүк чемпионатта уткан күмүш медалынын урматына арналган мелдешке Кара-Буура, Талас райондорунан жана Талас шаарынан чыккан ардагер волейболчулар катышты. Айланма системасы менен өткөн мелдеште Талас шаарынын ардагерлери жеңилүү ызасын тартышкан жок. Кара-Буура районунун волейболчулары 2-орунду ээлешти.

Талас облусунда 50 жашка чейинки курактагы айылдыктардын ушундай мелдештерине 11 команда, 60 жашка чейинки курактагылардын мелдешине 8 команда катышып келет. Ал эми айрым турнирлерге Казакстандан да командалар келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×