Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Талас облусу, Талас 03.04.2017 15:42

Таласта өткөн кол күрөш боюнча республикалык турнирге 200дөн ашык спортчу катышты (фото)

Turmush -  Кечээ, 2-апрелде Талас шаарында өткөн кол күрөш боюнча турнирде 18 алтын медаль тагынган Жалал-Абад облусунун спортчулары 1-орунду ээледи.

Жалал-Абад облусунун спортчуларынын машыктыруучусу Каныбек Эсенгелдиев мелдешке 18 жаштан 60 жашка чейинки спортчулар катышканын, алардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балбандар бар экенин белгиледи.

Кол күрөш федерациясынын президенти Съездбек Абдылбаев мелдешке облустардын аймактарынан келген 200дөн ашык спортчулар катышканын кошумчалады. Жыйынтыгында 1-орунду Жалал-Абад облусу, 2-орунду Бишкек шаары, 3-орунду 7 медаль менен Талас шаарынын спортчулары ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×