Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Талас облусу, Талас 29.03.2017 10:37

Таласта өспүрүмдөр арасында бокс боюнча турнир өттү (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы жаш өспүрүмдөр спорт мектебинде СССРдин спорт чебери Кадыркул Дүйшөновдун жаркын элесине арналган бокс боюнча республикалык биринчилик өттү.

Талас облустук бокс федерациясынын президенти Марат Мураталиевдин айтымында, биринчиликке жалпы республика боюнча 204 өспүрүм катышты.

«Биздин облустук федерация жана Кадыркул Дүйшөновдун үй-бүлөсү бул республикалык биринчиликти алгачкы жолу өткөрүп жатабыз. Башкы максат — жаштарды спортко тартуу, аларды машыктырып, эл аралык турнирлерге алып чыгуу», - деди ал.

Турнирдин соңунда жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Кадыркул Дүйшөнов өз учурунда бокс боюнча бир топ жаштарды машыктырып, чемпионаттарга катыштырган. Ал Талас облусунда бокс боюнча алгачкы машыктыруучу болгон. Спортко кошкон көп жылдык эмгеги үчүн «СССРдин спорт чебери», «Кыргыз ССРнин бокс боюнча эмгек синирген машыктыруучусу» жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×