Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 15.03.2017 16:42

Таластагы футбол чемпионатында УКМКнын командасы 1-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-мартта Талас шаарында кичи футбол боюнча облустук чемпионатта УКМКнын Талас облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Талас облусунун футбол федерациясынын президенти Айбек Сүйүнтбеков билдирди.

Анын айтымында, 2-орунду «Талас» курама командасы, 3-орунду «Алтын-Казык» соода борборунун «Алтын -Казык» командасы ээледи. Байге фонду 100 миң сомду түзгөн оюнда өзүн көрсөтө алган футболчуларга «Мыкты чабуулчу», «Мыкты дарбазачы», «Мыкты бомбардир» сыяктуу наамдар тапшырылды.

Аталган кышкы чемпионт 2016-жылдын декабрь айында башталган. Ага жалпысынан облустагы райондордон, айылдардан, мекеме-уюмдардан чыккан 44 команда катышты.

Талас облусунда чоң футбол жана кичи футбол оюндарынын биринчилиги 1998-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×