Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Талас облусу, Талас 13.03.2017 14:00 На русском

Талас шаарынын мэри болуп Айдар Жузупбеков шайланды

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта Талас шаарынын мэри болуп Айдар Жузупбеков шайланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, жашыруун добуш берүү менен өткөн шайлоого шаардык кеңештин 31 депутатынын 30у катышып, Айдар Жузупбековго 24 макул, каршы 6 добуш берилди. Жыйынтыгында Айдар Жузупбеков Талас шаарынын мэри болуп шайланды.

(А.Жузупбеков)

1

Буга чейин мэрлик кызматка талапкерлигин койгон Аскар Шабданов тиешелүү добуш ала албай калгандыгына байланыштуу кийинки шайлоо бүгүнкү күнгө жылдырылган. Бүгүнкү шайлоого «Кыргызстан» саясий партиясынан Назар Тургунбеков менен «Республика — Ата Журт» партиясынан Айдар Жузупбеков талапкер болушкан. Бирок, шайлоого 2 күн калганда Назар Тургунбеков талапкерликтен баш тарткан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×