Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 09.03.2017 12:12 Жаңыланды: 03.10.2018 17:17

Айыл турмушу: Комузчу Ж.Абдиев ырчылар С.Садыралиев, К.Примбердиевди окуткан (видео)

Turmush -  Таластык 49 жаштагы Жолчубек Абдиев 27 жылдан бери балдарга комуз үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы музыкант мугалим менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кең-Кол айылында туулган. 1988-жылы Мураталы Күреңкеев атындагы окуу жайдын улуттук аспаптар бөлүмүн аяктаган. 1991-жылга чейин аскерде кызмат өтөгөн.

«1991-жылдан баштап Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде иштеп баштадым. Бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келем. Окутуп чыгарган окуучуларым бүгүнкү күндө өзүмө кесиптеш болуп иштешип жатабыз. Көп окуучуларым музыкалык билимин жогорулатып, кесипке айландырышкан. Ырчылар Султан Садыралиев, Кайрат Примбердиев менден окуп кетишкен. Комуз — бул жан дүйнө азыгы. Ар бир күүдө түшүнгөн адам үчүн терең ой, философия, сыр катылып, рухубузду толуктап, жашообузду жарык кылып турат», - деди ал.

Комузчу жубайы Жаңыл Жороева экөө 2 уул, 2 кызды тарбиялап чоңойтушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×