Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Талас облусу, Талас 27.02.2017 10:48

Таластагы мектептердин ортосунда волейбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Таласта 9 мектеп, 2 лицейдин окуучуларынын ортосунда волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мелдештин жыйынтыгында финалга лицей комплекс, А.Чолпонкулов атындагы мектеп жана Манас ата - Себат лицейинин командалары чыкты. Финалдык беттеште Манас ата - Себат лицейинин окуучулары 2 команданы тең 2:1 эсебинде жеңип, волейбол боюнча 64-спартакиаданын чемпиону аталды. Жыйынтыгында жеңүүчү командаларга медаль, диплом жана кызыктыруучу белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×