Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусу, Талас 10.02.2017 09:03

Таластагы окуучулардын волейбол боюнча мелдеши өттү

Turmush -  Кечээ, 9-февралда Талас шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында волейбол боюнча мелдештин финалдык туру өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына машыктыруучу Марат Жекшеналиев билдирди.

Маалыматка караганда, мелдешке 4 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду «Себат» балдар лицейи, 2-орунду А.Чолпонкулов атындагы орто мектеп, 3-орунду лицей комплекс ээледи. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу байгелер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×