Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусу, Талас 09.02.2017 17:28

Талас шаардык кеңешинин жетекчиси болуп М.Эсенкулов шайланды

Turmush -  Бүгүн, 9-февралда Талас шаардык кеңешинин жетекчиси болуп КСДП партиясынан Мирлан Эсенкулов шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, шаардык кеңеште 5 партиянын 28 депутатынан турган коалициялык көпчүлүк түзүлдү. Ал эми «Айкөл» партиясынын 3 депутаты азчылыкта калды. Шаардык кеңештин жетекчилигине талапкер болгон М.Эсенгуловду жашыруун добуш берүүгө катышкан 29 депутаттын баары колдоду.

Буга чейин шаардык кеңеште коалициялык көпчүлүктү түзүү боюнча бир нече жолу аракеттер көрүлүп, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×