Бөлүмдөр
Ишемби, 14-декабрь
Талас облусу, Талас 07.02.2017 18:42

Таластагы окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Бүгүн, 7-февралда Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы орто мектепте волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектептин дене тарбия мугалими Нурлан Мундузбеков билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 3 мектептин окуучулары катышты. Жыйынтыгында 1-орунду А.Чолпонкулов орто мектеби, 2-орунду Р.Рысакова орто мектеби, 3-орунду №3 мектеп-гимназиясы ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×