Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 28.12.2016 08:09

Таласта шахмат ийрими үчүн имарат жок болуп жатат

Turmush -  Таласта шахмат ийримине келген балдар үчүн имарат табылбай жатат. Бул тууралуу шахмат ийримине небересин Көк-Ой айылынан алып келип жүргөн Аманбек Туралиев билдирди.

Анын айтымында, учурда балдар үчүн шаардык бийлик шаардык ардагерлер кеңешинин имаратынан 2 бөлмө беришкен. Бирок, имарат өтө эски жана жайы-кышы ным болуп тургандыктан, ал жерде машыгуу балдардын ден соолугуна зыян.

Ата-энелер мэриядан СССР учурунда «Пионерлер үйү» деп аталган имаратты пайдаланууга бергиле деп өтүнүшкөн. Бирок аны кимдир бирөө менчиктеп алган.

«Газпром» куруп берген заманбап спорттук комплексти иштеткен бир мекеме жок болгондуктан, ал да бош. Анда-санда гана спорттук мелдештер өтүп жатат», - дешет ата-энелер.

Имараттын жоктугунан ата-энелер шахмат турнирлерин арзан ижара акы алуучу ашкана-кафелерде өткөрүп келишет. Жыл жыйынтыктоочу турнирди арзаныраак акы алып өткөрүүгө бул жолу «Азирет» кафесинин жетекчилиги макул болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×