Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Талас облусу, Талас 26.12.2016 10:00 На русском

Таласта балдар арасында «Кыш-2016» шахмат турнири өттү (фото)

Turmush -  Талас шаарында «Кыш-2016» шахмат турнири аяктады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Талас шаардык өспүрүмдөр спорт мектебинин шахмат боюнча машыктыруучусу Күмүшбек Алымкуловдун айтымында, 2 күнгө созулган турнирге 6 жаштан 17 жашка чейинки 50гө жакын шахматчы катышты. Жеңген шахматчылар 6-январда Бишкекте өтө турган Кыргызстандын чемпионатына катышат.

«Бул быйылкы жылдагы экинчи турнир. Мындан мурдагы турнирге да ата-энелер демөөрчү болуп, окуучулардын тамак-ашын, дипломдору менен медалдарын, акчалай сыйлыктарын каржылашкан», - деди машыктыруучу.

Турнирдин жыйынтыгында шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионатына 20га жакын окуучу бара турган болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×