Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусу, Талас 26.12.2016 09:16

Таласта «Fighter Kg Talas» спорт клубу ачылды (фото)

Turmush -  Талас шаарында «Fighter Kg Talas» спорт клубу ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Машыгуу күндөрү азыркы тапта белгилене элек. Машыгуучулар 10 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүм балдар, 16 жаштан өйдө жогорку тайпа болуп бөлүнөт. Залда машыгуу жаңы жылга чейин бекер болуп турат», - деди клубдун жетекчиси Майрамбек Молдокулов.

Иш-чарага КРнын грэпплинг федерациясынын президенти Кенжебек Чекиров катышты. Мушкерлердин клубун ачуу идеясын Талас шаарынын 1986-жылы туулган жигиттери көтөрүп чыгышкан. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн көп убакыттан бери иштетилбей келген жер төлөсү оңдолуп, клубга керектүү жабдуулар алынган. Аны ачууга партиялар жардам көрсөтүшкөн. 1986-жылы туулган жигиттер 400 миң сомго жакын акча сарпташкан.

Спорт клубдун жалпы аянты 150 чарчы метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×