Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Талас облусу, Талас 20.08.2016 16:58

Талас облустук сотунун төрайымы болуп К.Калиева шайланды

Turmush -  Талас облустук сотунда өткөн жалпы жыйында Калиева Клара Жакшылыковна облустук соттун төрайымы болуп шайланды. К.Калиева 1970-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. КМУУдан (Азыркы КУУ) юрист кесибин алган.

Эмгек жолу:

- 1987-89-жылдары Жеңил өнөр жай министрлигинин конструктордук-технологиялык бюросунда техник;

- 1989-91-жылдары Фрунзе шаарындагы Свердлов элдик сотунун соттук отурумунун катчысы;

- 1991-99-жылдары судьялык коллегиянын катчысы;

- 1999-2003-жылдары консультант;

- 2003-2007-жылдары Чүй облустук сотунун башкы консультанты.

- 2007-2013-жылдары президенттин жарлыгы менен Талас облустук сотунун судьясы;

- 2013-жылдан 2016-жылдын 9-августуна чейин Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары.

Ошондой эле, 9-августта өткөн жыйында төрайымдын орун басарлары шайланды:

- Талас облустук сотунун төрайымынын кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуулар боюнча орун басары Ибраимов Молдозак Исмаилович;

- Талас облустук сотунун төрайымынын жарандык иштер боюнча орун басары Жамангулов Жыргалбек Жамангулович.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×