Turmush — Таластагы №19 жол тейлөө ишканасынын грейдер жана таптагыч айдоочусу Жайнак Өмүрбеков жайы-кышы техниканын рулунда. Аймактык кабарчы жолчу-айдоочудан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, жолчулардын кесиби эң оор жумуштардын бири. 4 жылдан бери жолчу болуп иштейт.
«Кесибим айдоочу болгондуктан көп тармактуу. Башкача айтканда кайсы техникага отур десе ошону менен иштейбиз. Жолчунун кесиби эң оор жумуштардын бири. Кышкысын 30 градус суукта жолдун коопсуздугу үчүн карды тазалап турсак, жайдын ысык аптабында асфальттап чыгабыз. Нөшөрлүү жаан жолго кирбеши үчүн жыл бою жолдун эки жээгин сүрүп, тазалап турабыз. Жол — экономиканын тамыры. Ал жакшы болсо элдин жашоосу жакшырат», - деди ал.
30 жаштагы жолчунун 2 уулу бар. Келинчеги балдарын карап, үй кожойкеси.