Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусу, Талас 11.07.2016 19:03

Талас облусунун жетекчисинин 1-орун басары болуп Ч.Төрөкулов дайындалды

Turmush -  Кыргыз өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары болуп Төрөкулов Чолпон Асылбекович дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Бүгүн 11-июлда ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн залында облус жетекчисинин 1-орун басары жалпы жамаатка тааныштырылды. Жыйынга депутат М.Мискенбаев, облус жетекчиси Даир Кенекеев баш болгон облус жетекчилери катышты.

Төрөкуловдун кызматка дайындалышы боюнча тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×