Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Талас облусу, Талас 01.08.2015 15:45

Талас ОИИБнын башчысы болуп Адылбек Капалов дайындалды

Turmush -  Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп милициянын полковниги Адылбек Капалов дайындалды. Бул тууралуу кечээ, 31-июлда Талас шаарына иш сапары менен келген ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.

Маалым болгондой, 41 жаштагы А.Капалов буга чейин Бишкек ШИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүн жетектеп келген.

Министр М.Турганбаев иш сапарынын экинчи бөлүгүндө Талас ОИИБнын өздүк курамы менен жолугуп, жаңы дайындоо жана бирге иш алып баруу пландары боюнча маалымат берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×