Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Талас облусу, Талас 21.04.2015 08:55

Талас облусун 5 жыл башкарган К.Курманалиева ээлеген кызматынан расмий түрдө бошотулду

Turmush -  Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманалиева Койсун Аблабековна өзү берген арызына ылайык кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Эске салсак, К.Курманалиева 6-апрелде Апрель революциясына арналып, Талас шаарында өткөрүлгөн иш-чара учурунда ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кете тургандыгын жарыялаган.

Койсун Курманалиева өз сөзүндө: «Саясий элита кызматка келгенди да, кызматтан кеткенди да билишибиз керек. Бардык иштин башталышы жана аягы болот. Ошол аягында жакшылык менен бүткөнү жакшы. Мындан 5 жыл мурда 6-апрелде элим шайлап берди эле, мына «Манас Ордодо», Манас атамдын рухунун, элимдин алдында элимдин уруксааты менен кызматтан кетүүгө чечим кабыл алып жатам. Мени колдогон Талас элине жана эң кыйын учурда колдогон Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевге өзгөчө ыраазычылыгымды айтам.

Жаңы шайланган башчы жаш, элдин үмүтүн актаган, жаныча ой жүгүрткөн адам болот деп үмүттөнөм», - деп билдирди.

Эске салсак, 2010-жылы революциядан кийин Убактылуу өкмөт түзүлө электе Койсун Курманалиева 6-апрелде элдик губернатор болуп дайындалган. Талас облусунун тарыхында 5 жыл иштеген жалгыз аял губернатор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×