Turmush — Талас облусундагы улуттук «Манас Ордо» комплексинин жаңы дайындалган жетекчиси Камил Мамадалиев бүгүн, 11-декабрда эмгек жамаатка тааныштырылды.
Маалым болгондой, аны тааныштыруу иш-чарасына маданият министиринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова катышты.
Манасчы Камил Мамадалиевдин бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка 9-декабрь күнү кол коюлган. 43 жаштагы Камил Мамадалиев буга чейин «Манас Ордо» комплексинде жайгашкан «Манас эпосу» музейин жетектеп келген.
- Буга чейин «Манас Ордо» комплексинин убактылуу жетекчисинин милдетин Нурлан Базарбаев аткарып келген.