Turmush — Аскат Осмонов Талас шаардык футбол боюнча жаш өспүрүм балдардын спорт мектебинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал буга чейинорто мектепте дене тарбиячы мугалим, радиодо алып баруучу, андан кийин футбол боюнча жаш өспүрүм балдардын спорт мектебинин директорунун орун басары болуп иштеп келген.