Turmush — Таластык окуучулар информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышып, грамоталар менен сыйланышты. Бул тууралуу «Манас-Ата» Талас лицейинен билдиришти.
Эл аралык олимпиада Венгриянын Зегед шаарында өткөн. 2023-жылдын билим сыноо иш-чарасы 28-августтан 4-сентябрга чейин жүргүзүлгөн.
Талас облусунун атынан Талас шаарындагы «Манас-Ата» сапат лицейинин 11-классынын окуучулары да катышкан. Ушул эле билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу Байзак Карыпжанов жайкы каникул учурунда биология сабагынан дүйнөлүк олимпиадаларга катышып, ийгиликтүү келген. Атап айтсак, сынак Казакстанда уюштурулуп, баалуу белектерге ээ болуп кайткан. Бириккен Араб Эмиратынын тастыктаган сертификаты жана медаль менен сыйланган. Ал эми Байторо Майрамбеков учурда Бишкек шаарындагы «Сапат» билим берүү мекемесинин атайын тереңдетип окута турган борборунда билим алууда. Анын окуусу жыл бою уланып, кийинки жолку өтө турган олимпиадаларга катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
International Olympiad in Informatics — бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн төрттөн мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 355 окуучу катышты.
Жогорудагы эл аралык олимпиадага Талас шаарындагы «Манас-Ата» Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байторо Майрамбеков катышып, ардак грамота менен сыйланган.