Turmush — Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов («Ишеним» фракциясы) парламенттин трибунасында 2021-жылдын 29-декабрында ант берип, 2022-жылдын башында ишин толук баштаган. Ал бир жылдан ашык убакыт аралыгында калктын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү жаатында аткарылган иштер жана алдыдагы мерчемделген жумуштары тууралуу айтып берди.
Эл өкүлү билдиргендей, Бакай-Ата районунун ар бир айыл өкмөтүндө жолугушууларды өткөрүп, элдин көйгөйү менен таанышып, анда айтылган бардык маселени Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп, анын ичинен жазгы айдап-себүүгө байланышкан сунуш-пикирди Министрлер кабинетине жеткирип келген. Анын жыйынтыгында айрым маселелер четинен чечилүүдө. Тактап айтканда, көп жылдан бери курулушу бүтпөй турган Миң-Булактагы Д.Батырбашиев, Шадыкан айыл аймагындагы Э.Капалов жана Оро айыл аймагындагы Ж.Тойчубеков атындагы мектептердин имараттарына 5 млн сомдон (ар бирине) каражат бөлүнүп, Ж.Тойчубеков атындагы мектептин чатыры жаңыртылган.
Учурда Наматбек айылындагы Исабек Жанчаров, Үч-Эмчек айылындагы Бердике уулу Нарикбай, Таш-Кудук айылындагы Мамыт уулу Абдрахман атындагы мектептердин жаңы имараттарын куруу, Бакай-Ата айылындагы Ленин орто мектебинин кошумча имаратын (500 окуучуга ылайыкташтырылган) жана Кен-Арал, Өзгөрүш айылдарына бала бакча, Ак-Дөбө айылына спорт зал куруу алдында турат. Мындан тышкары, Оро айыл аймагынын Биринчи май айылындагы Токтогул Чолушев атындагы орто мектебинин жаңы имаратына капсула салынып, куруу иштери башталды.
Ошондой эле, Кушубак Султаналиев (Кызыл-Октябрь), Аман Арстанов (Кең-Арал), Үсөнбай Акынбеков (Өзгөрүш), Бейшен Сатыбеков атындагы (Боо-Терек) мектептер капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Булардын баары 2023-жылы курула турган имараттардын тизмесине кошулган.
Муну менен катар Бакай-Ата райондук оорукананын жаңы имаратын куруу мерчемделүүдө.
Былтыр Бакай-Ата айылындагы көп жылдардан бери каралбай калган имарат капиталдык оңдоодон өтүп, анда «Талас-Мурас» лицейи ачылган. Бул билим уясында балдарга 5 тилде билим берилет. Ошондой эле, аларга IT, менталдык арифметика өңдүү инновациялык тармактар боюнча билим алууга шарттар түзүлгөн.
Мындан сырткары, райондогу китепканага, «Бакай-Ата-Мурас» жаштар коомуна, Э.Капалов атындагы орто мектебине, Молдогазы атындагы Урмарал орто мектебине, Э.Дүйшеев атындагы орто мектебине, Т.Мүсүралиев атындагы толук эмес орто мектебине, И.Жанчаров атындагы орто мектебине, С.Собуров атындагы толук эмес мектебине, Кашка-Жол орто мектебине жана Т.Чолушев атындагы орто мектебине компьютер жабдуулары тапшырылган.
Ошондой эле, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында Бакай-Ата районундагы бардык мектептердин мугалимдери үчүн атайын тренинг өтүп, агартуучуларды ар тараптан колдоо багытында ири иш-чара уюштурулган. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар, Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык каттар тапшырылды.
Боо-Терек айылында орун алган М.Наматбек атындагы бала бакчасына, Миң-Булак айылындагы Д.Батырбашиев атындагы мектеп-гимназиясына материалдык колдоо максатында каржылык жардам көрсөтүлгөн. Жакында ушундай эле каржылык көмөк Оро айыл аймагына караштуу Кыргызстан айылындагы суу насосторун калыбына келтирүүгө берилди.
Өлкөдө дагы бир орчундуу маселелердин бири — саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалы. Анткени, Талас облусунда, айрыкча Бакай-Ата районундагы бейтапканалардын имараттарынын эскилиги жеткен. Керектүү медициналык жабдуулар жетишсиз, ооруканалардын шарттары бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт. Бул маселелерди четинен чечүү үчүн Кувейт кайрымдуулук фонду менен жеке сүйлөшүүлөр жүрүп, анын натыйжасында Бакай-Ата райондук ооруканасына заманбап медициналык жабдуулар тапшырылды.
Ошондой эле Наматбек айылына заманбап ФАП курулду. Азыркы учурда Маданият, Түйтө, Көк-Таш жана Боо-Терек айылдарына заманбап ФАП куруу аракеттери жүрүп жатат.
Дагы бир көйгөйлүү маселе — Бакай-Атанын борборундагы суу түтүктөрү 37 жылдан бери оңдолгон эмес. Бул көйгөйдү чечүү үчүн суу түтүктөрү Ислам өнүктүрүү фонду аркылуу курулуучу объекттердин тизмесине киргизилип, эки этап менен жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр жетишилген. Учурда ишти баштоо күтүлүүдө.
Албетте, башка аймактар сыяктуу эле Талас облусунда да жол көйгөйү курч. Айыл ичиндеги жолдордон тартып башка аймактарга жана жайыттарга каттоочу жолдордун абалы өтө начар. Былтыркы жылы Кызыл-Октябрдын ички жолуна жана Көк-Таш айылына баруучу чоң жолго асфальт төшөтүлдү. Ошондой эле, Ынтымак айылынан өткөн жолго жана Түйтө менен Кең-Аралды байланыштырган жолго асфальт басылды.
Үстүбүздөгү жылы Шадыкан айыл аймагына караштуу Ынтымак, Түйтө айылдарынын ички жолдорун оңдоо үчүн тышкы инвесторлор тартылып, жалпы 9,5 чакырым жол капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Андан тышкары, Көк-Таш, Маданият, Таш-Кудук айылдарындагы айрым ички жолдорду жаңылоо боюнча да тийиштүү жумуштар алып барылууда.
Маданият айылындагы Макулбек жана Жумашалы көчөлөрүнө электр чубалгылары тартылды. Муну менен катар Көк-Таш айылындагы айрым көчөлөрдү жарыктандырууга көмөк көрсөтүлдү.
«Биздин өлкө агрардык өлкө болуп саналат. Андыктан, айыл чарба тармагын колдоо артыкчылыкка ээ. Алсак, фермерлерибиз өндүргөн сүт азыктарын, дыйкандарыбыз өстүргөн дан жана жемиш өсүмдүктөрүн сатууда көйгөйлөр көп. Бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, наркын көзөмөлдөө боюнча Министрлер кабинетине тиешелүү талаптар коюлган. Натыйжада сүттүн баасынын төмөндөөсү чектөөгө алынып, аз да болсо жогорулатылды. Бул албетте утурумдук гана көрүнүш. Биз кайра иштетүү тармагын өнүктүрмөйүнчө, абалды толук жөнгө сала албайбыз. Ал үчүн аймактарга кичи өндүрүш ишканаларын ачуубуз керек.
Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин ишмердүүлүгү бири-бирине окшош. Андыктан, жергиликтүү кеңеш менен да жакындан иш алып барып, айылдардын көйгөйүн биргелешип чечүү жаатында тыгыз кызматташып келем. Алсак, былтыр Жогорку Кеңеште Таластан барган жергиликтүү депутаттар менен бир катар жолугушууларды өткөрдүм. Ошондой эле аймактарга тез-тез каттап, тургундар менен көйгөйлөрдү жеринде талкууладык. Айрыкча жаштар менен жолугушууларды көп өткөрүп, Бакай-Ата району боюнча “Ынтымак” футбол турнирин уюштурдум. Бул спорттук иш-чаранын максаты жаштарды ынтымакка чакыруу жана биргелешип облусубузду көтөрүү. Дагы бир айта кетүүчү жагдай, баарыбыз сыймыктанган Кыргыз Республикасынын баатыры Корчубек атабыздын 100 жылдык маарекесин өткөрдүк. Аталган иш-чараны уюштурууга да жигердүү катышып, каржылык көмөк көрсөттүм. Муну менен катар баатырыбыздын айкелин орнотууга салым коштум.
Кайрымдуулук биздин каныбызга сиңген, бабалардан берки вазыйпабыз. Андыктан, бул жаатта да алгылыктуу аракеттерди көрүп, Бишкек шаарындагы конуштарда жана Талас облусунун айрым айылдарында жашаган үй-бүлөлөргө кышка даярдык катары көмүр таратып келем. Тагыраагы, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш, Ак-Дөбө, Акназаров, Оро жана Арал (Коммунизм) айыл аймактарындагы 750дөй үй-бүлө жардам иретинде көмүр алышты. Келечекте Бакай-Атадагы калган айыл аймактардагы үй-бүлөлөргө да ар тараптуу жардам көрсөтүп, анын ичинен кышка карата көмүр таратуу планым бар. Мындай иштер депутат болгонго чейин да жасалып, борбор калаада бир катар кайрымдуулук жардамдар көрсөтүлгөн.
Мен “Ишеним” фракциясынын курамы менен депутат болуп шайлангандыктан, Талас жергесиндеги гана маселелерди чечүү жаатында иш алып барбастан, жалпы Кыргызстандагы көйгөйлөрдү көтөрүүнү башкы милдетим деп билем. Андыктан былтыр борбор калаадагы бир катар маселелерди чечүүгө жетиштим. Алсак, “Ала-Арча” улуттук паркындагы эс алуучуларды түйшөлткөн төлөмдөрдүн кымбаттыгын, жөнөкөй эле шарт-жагдайлардын жоктугун айтып чыгып, коммерциялык багытта гана пайдаланылып жатканын сынга алгам. Натыйжада “Ала-Арчанын” ички жолуна асфальт төшөлүп, эс алуучуларга керектүү шарттар түзүлдү. Айрыкча, таштанды маселеси чечилип, унаа токтотуучу жайлар салынды.
Социалдык маселелердин катарында Бишкек шаарындагы №75 мектептин эскилиги жеткен имараты тууралуу парламентте байма-бай көтөрүп келдим. Анткени, 60 жыл мурун ишке берилген мектептин имараты жылдан жылга эскирип, окуучуларга билим берүүгө жараксыз болуп калган. Жылда жаңысы курулат деп убада берилген менен эч кандай жылыш болгон эмес. Жыйынтыгында көтөргөн маселебиз колдоо таап, былтыр жаңы имарат курулду. Учурда окуучулар жаңы шарттагы заманбап мектепте билим алышууда.
Менин депутаттык башкы милдетим — мыйзам жазуу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө. Бул жаатта да жарандардын жашоо-турмушун жакшыртууга, өлкөнү өнүктүрүүгө жана коомду алдыга жылдырууга багытталган бир катар мыйзам долбоорлорун кесиптештерим менен бирге жазууга жетиштик», - деди депутат.
Ал кошумчалагандай, бир жыл аралыгында 7 мыйзамды демилгелеп, алардын көпчүлүгү кабыл алынган.
Алсак:
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы);
- «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу;
- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы жөнүндө»;
- «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
- «Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине жана «Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору.