Turmush — Кочкор районунун Кочкор айылынын 23 жаштагы тургуну Кубаныч Жантемиров Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, 2018-жылы мектепти аяктап, Т.Абдымомунов атындагы театралдык окуу жайына тапшырган. Азыр тойлордо, концерттерде алып баруучу болуп, кээде сценарий, ыр жазуу менен алектенет.
«Үйдө жалгыз баламын. Үй-бүлөм кызыгуумду колдошот, өзгөчө атам колдойт. Негизи атам өзүнүн жолун жолдотуп, «энергетик же милиция кызматкери бол» деген. Апам болсо «балам, сени сот же жактоочу кылам» дечү. Анан өзүм чечип, «жок, мен артист болом» деп айттым. Атам макул болуп, окуу жайга тапшырганга жардам берген. Башкаларда бала кезинен актёр болом деп кыялданышат го. Мен анткен эмесмин. Актёр болуу кыялым болгон эмес. Болгону бир убакыт келди, өзүм чечип, бир кесипти аркалаш керек болду. Бул да Жараткандын жазганы болуш керек.
Азыркы кезде Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында иштеп келем. Окууну бүткөндө Талас театрынын жетекчилиги менен 2 жылга келишим түзүлгөн. Тайпалаштар менен бирге келгенбиз. Тактап айтканда, 11 актер-актриса келгенбиз. Азыр иштегенибизге 3 жылга кетип бара жатат. Келишим бүтсө да, дагы иштөө үчүн узартам деген ойдомун», - деди ал.
Жаш актер жумуш учурунда кызыктар тууралуу айтып өттү.
«Биздин жумушта кызыктуу күндөр көп болот. 3-апрель күнү мен спектакль ойноп жатып, сахнада шымымдын арты айрылып кетти. Спектакль аягына келип калган. Сахнадан чыгып кеттим. Сахнадан чыксам, кесиптештериме ушундай күлкү болду (күлүп). Ал спектакль орус элинин жазуучусу Гогольдун «Текшерүүчү» деген чыгармасынан коюлган спектакль болчу. Дагы бир жолу сахнадан мурдум канап кеткен. Ал кезде ооруп жүргөн кезим эле. Бирок чыгармачыл адамдарга оорудан дагы спектакль өйдө турат.
3 жылдан бери тойдо алып баруучу болуп да иштейм. Ал учурда суукта тоңуп калган күндөр да болду. Бир жолу тойдон музыкант экөөбүздүн акыбызды бербей коюшкан. Ал кыштын кыраан чилдесинде болгон окуя эле», - деди ал.